План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план


II ГЛАВА: «ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ» АҢГЕМЕСИНИН ТАРЫХЫ ЖАНА КӨРКӨМ ОБРАЗЫ



Скачать 201.5 Kb.
страница4/6
Дата24.04.2018
Размер201.5 Kb.
Название файлаЭльгиза.doc
1   2   3   4   5   6

II ГЛАВА: «ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ» АҢГЕМЕСИНИН ТАРЫХЫ ЖАНА КӨРКӨМ ОБРАЗЫ

Сыдык Карачев ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ Ачык аяз, күзгү түн... I Учу-кыйыры билинбеген, жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат. Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып, өчпөс-түгөнбөс шаттык, кубаныч туудурат. Суулар, талаалар, токойлор айдын ажаардуу нуру астында тынччылык, сырдуу, шыйкырдуу муңга оролуп шир-ин, таттуу уйкуга берилген. Күз мезгилинин көңүлсүз боштугу, ич күйдүргөн кө- рүнүштөрү түнкү айылдын жарыгы менен аралашып, жер жүзүн башка бир түс, башка бир ыраңга киргизген. Тегеректин баары жымжырт... «шырп» эткен добуш жок. Ыраакта баштары көк тиреген типтик зоолуу бийик капчыгайлуу тоолор элес-булас көрүнүп, туманданып калкып турушат. Тептегиз жайылып, кулачын керип мемиреп, мелтире-ген күзгү көл көйкөлүп, кара көк тартып жатат. Кечеки конур салкын сыдырымдын эркелеген зпкини менен ча-чылРан берметтей болуп кооздолуп, айдын күмүштөй аппак нурлары астында жоош жумшак термелип жатат. Сыдырым менен теңселип, көйкөлгөн көлдүн тентек толкуңдары жар четине келип кагылып, кечки саламын

Бул үн — жазмыштын жарамсыз чеңгелинде, жаны-тени жат бир душмандын колуна эриксиз түшүп бара жаткандагы кешиги жоктун үнү... бул үн — дүнүйөнүн таш боор, кара жүрөк залим адамдарынан тоюп, турму-шунан жазыксыз аша кечип, келирки өмүрүнөн амалсыз кол шилтеп, жанынан кечкен адамдын үнү... Бул — эски каада, зски жорук-жосундун бузукчу-лугунун кесепетинен жадаган, күчсүз бенденин күйгөн-дөгу үнү... бул, арбак-куран намысы деген чирик ойлор-дун аярдуу курманы; жаңыдан бүрүн төгүп, гүлдөп, атыр жытын буркуратып, үлбүрөп ачылып келе жаткан байчечектин мезгилсиз соблуп, куурагандыгы ушу... Бул — көк мелжиген аскар тоолордо убайымсыз кай- гысыз таштан-ташка секирип, көк кашка булактардын тунук суусун ичип, сансыз көк шибердин көгүн оттоп жүргөн кийиктин, ырайымсыз мергендин огуна дуушар болуп, карагаттай кара көздөрүн моймолжутуп караган-дагы каргыш үнү. Бул — табиятты муңдуу үнү менен таң калтырып, угумдуу күүсү менен эритип, такшып-такшып сайраган акын булбулдун ашык жары кызыл гүлдүн таң алдында-гы ачылганын көрбөн калган кездеги заардуу-муңдуу, дарттуу арманы... Калың жымжырт арасында, табияттын сырдуу, шум-дуу түнүндө угулган аянычтуу коңур үн бир көтөрүлдү, бир басылды. Бара-бара түнкү оор, салмак тынччылык ичинде күңгүрөнгөн, бышактап ыйлаган өңдөнүп барып таптакыр тим болду... Үн басылды... Кулак, мурунду кескендей болуп тегерек мурунку ка- лыбына түштү, табиятты баштагыдан бетер шумдуу, коркунучтуу салмак басты. Түнкү сыдырым үстөм келип, жеңгенин кубаттаган- дай болуп, акырын гана жумшак желаргы жүрүп кетти. Асмаадагы жаркырап, жалтырап, күмүш, нурларын жер жүзүнө аябай чачып жаткан ай дагы, бул түнкү кокусунан

келип чыккан сырга таң калгандай болуп, каба-гын чытып, күүгүмдөнө баштады. Барган сайын жер үстүнөн шооласын тартып ыраакта, оолактап күн батыштагы жер менен көктүн кошулган жарине карай бет алды. Айдын оолактап, четтегенин көргөн зоокчул жылдыздар баштакыдан да күчөп, нурларын арттырып, биринен-бири озууга тырышып жымылдашты. .. Жердин үстү кара кочкул түскө кирип, калың, кара көлөкө менен оролуп, кабагын карыш салып, капа болгон өндөнүп, акырындап караңгылыктын кучагына кире баштады. Көлдүн ичиндеги дүнүйө менен убара болуп, тышкы дүнүйөдөн кабарсыз, убайымсыз жүргөн ак балыктар, айга карай секиришти. Суунун үстүн жыбыратып, чабактап, оюн салышып, батып бара жаткан ай менен амандашты... Ага кирсиз, күнөөсүз көңүлдөрүнөн чыккан соңку саламдарын жиберишти... Тегерек дагы тынч... дагы жымжырт... II Шаркырап аккан чоң суунун оң четиндеги жайкалган көк чөптүү сазга жайыла конгон көп айыл. Катар тизил-ген солдаттардай болуп бирөөнүн артынан бирөө сап тартып кеткен ак күмбөздөй болгон келишимдүү боз үй-лөр. Ал үйлөрдүн суу жактагы четинде койлор түнөй турган орун. Анын эки жагында тартипсиз тигилген беш-алты алачык. Айылдын кыбыла жагындагы обочороок булуңда кулундарды байлай турган желе. Керүнгөн айылдын орто чениндеги эки-үч жердеги мамыда ээр-токумдуу бир Топ сындуу аттар байланып турат. Таң атып, жер-жердин баары күндүн алтын аралаш мала кызыл нурлары менен толуп келе жатат. Күндүн нуру менөн чөпкө түшкөн кыроолор жылтылдап, күмүштөй болуп жаркырашты, эртең мененки салкынчарак же-ларгы чөптөрдү түнкү терең уйкусунан терметип ойгот-ту. Чөптөргө түшкөн кыроолор тамчы-тамчы болуп мөл-түрөп жерге куюлду.

элди бийлеп турган оёздун алдында болсун сөзү өтүмдүү, жугумдуу боло турган. Ошондук-ган кулагы уккан, көзү көргөн элдин баары: — Чыккан жерден чыгат. Болгон жерден болот,—деп айтышчу, Бул ылакапты билбеген, айтпаган киши аз учурайт. Эки сөздүн биринде Мамырбайды мисал кылып, оозго алып эстеп кетпеген киши жок катарында. Мамырбай ат жалын тартып мингенден баштап эл-журтка, аралаштьг. Жаш чагынан бери «ата дөөлөтү», «ата даңкы» Мамырбайды көтөргөндөн көтөрдү. Бара-бара эл бийлеп, кун ойлоп, бүтүм кылып жүрүп калың элдин көңүлүн өзүнө оодарды, кадыры артты. Көп ичинде өзүн чынардай көргөн Мамырбай, өзүнөн төмөнкү, жогоркулардын жигин ажыратып, ар кимдин өзүнө жараша мамиле кылууну да элдин баарынан жакшы билет. Мамырбай отуз жашынан тартып 5—6 жыл удаа болуш, бий болуп турду. Дубандын тобуна катышып, эки дубан арасындагы чыр-чатакты бүткөрүп, дубандан-дубанга маалим болгон. Ар жерде, ар качан: — Жаман тилден сактасын! — дечү. Атагын алган болуш болгон кезинде Мамырбайдай үйөзгө жаккан, сөзү өтүмдүү болгон киши жок болду. Жакшылардын үйөздө иши болуп, тагдыры анын колунда болсо, Мамырбайсыз үйөзгө жакын бара алышчу эмес. Макең үйөзгө барып, жакшылардын муңун айтып, ишин орундатканда, андан кадырлуу киши болбой турган. Мындай убактарда өзүнүн да көңүлү көтөрүлүп, башты койкойтуп «корс-корс» күлүп, кубанып калычу. Макең мөнен бирге үйөздүн алдына барганда, анын жүрөгүнүн тоодой экенине, кадырынын артыгына таң калышып: — Атааң көрү, Макеңдей бол, үйөздүн алдында те- бетейин албай эле, кол берип туруп, кадимки биз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөт,— дешип шилекейлерин агызып, тамшанып келише турган.

Бир үйөздү бийлеп турган кашка баштын алдында мынчалык кадырдуу Макең эл ичинде, топто андан бе-тер баалуу экени белшлүү. Ошентип Макең бир жагынан улукка жагып, бир жа-гынан эл ичиндеги чечен, манап болуп доорон сүрдү. Мингени жорго, кийгөни асыл, жаткаңы жумшак, капа-кайгы дегендин жытын да билбейт. Мунун үстүнө анын байлыгы да кошулуп, Макең бир кудайдан башка эч кимден коркуп да, жалтанып да көрбөдү. Макеңдин 300 дөй жылкысы, үч миңдей кою, жыйырма беш төөсү болуп, өзүнүн айтуунча «өлбөс оокат» бар. Ошондой болсо да Макең дүнүйө жыйноодон, башка-баш, малга-мал кошуудан ыраак эмес. Ойлогон ойдон, кескен калыңдан, чыгарган бүтүмдөн Макең, көбүрөөк алууну ар качан зсинен чыгарган жок. Жылкыны беш жүзгө, койду андан бетер көбөйтүүгө Макең ар качак даяр. «Өлбөс оокатты» ого бетер өлбөгүдөй кылууга эки көзү төрт. Беш намаздан кийин ар качан: — Оок кудай, насыбыңдан куру койбо!— деп бата кыла турган. Макең кудай берген дөөлөт, наам аркасы менен бей- бечераларды да «куру кол» койбоду. Макеңдин сорпосун, кымызын, сүтүн аңдып, этек-жеңин кагынып, силкинип жагынгандар көп. Бирок алардын баарына Макең жайыла койбойт. Айылдаш, короолош олтурган он чакты түтүн кедейлер анын түндүгүнө карап турушат. «Кудаанын кулу, Мукамбеттин үмбөтү» болгондон кийин: — Кедей- кембагалдарга колунда барлар жардам кылсын,— деген пайгамбардын кадысын Макең жакшы орундайт. Кедейлерге кою, жылкысы, кара малдарынан саан берет. Аларды жансактатып, оор күнүн жеңил кылууну ойлойт. — Башкаларга акча чыгарып, бекер чыгым болгондон көрө, саан берсем мал багылуу, аштык айдалуу эмеспи?.. деп боору ачып, жаны кейип, кедейлердин камын ойлой турган. Ырас, Макеңдин бул оюнда түк калети жок. Ар качан мал багылуу, отун-суу даяр, аштык, чөп үйүлүү. Кедейлердин

карды ток болгондон кийин кайгы да жок. Бекер мал багып, отун алып, суу куюп, бекер саан алга-дарына алар жатып да, туруп да шүгүр кылышат. — Баатырдын өмүрү узун, дөөлөтү көп болсун, шам-шум эттирип турат,— дешет шордуу кедейлер. Кедейлер менен кандай сүйлөшүүнү, кандай кучагына тартууну, кандай кылып бөйпөңдөтүүнү Макең беш бар- магындай жаттап алган. Алардын ак көңүлдүүлүгүнөн караңгылыгынан пайдаланып, таманын талытып, маңдай терин агызып, бекер иштегенине «саанын» милдет кыла турган. — Мен болбосом, булар кайда барар эле?.. кырылбас беле, кара таандай болуп,—деп дөөлөттүү кылган кудайга беш намаз сайын кулдук кыла турган. Эл менен сүйлөшө кетип, айыл-апа, мал-жанга кезек келгенде, Макең көкүрөгүн көтөрүп: — Көз карамалар, бизде да бир айгыр үйүрү бар,— деп каткырып калычу. Макең өзү катын жандуураак киши. Шариятка тууралап, ак нике кыйдырып, кырчындай кыз алган мончоктой үч катыны бар. Алардан көргөн төрт эркек, үч кызы бар. Кыздарынын экөө күйөөгө берилип, бирөө «эрке талтаң» болуп үйүндө турат. Балдарынын экөө үйлөнүп, өз алдынча бөлүнүп, оокаттарын бөлөк кылышат. Ата даңкы, байлык аркасында алар да сорпонун тескейинен кеп салып, адамдын «жаманынан» качышат. Бөрү баласы — бөрү да. Мамырбай баатырдын төрт түлүгү түгөл. Байлык, жыргал колдо. Атагы эчен дубанга жайылган. Турмуш—камсыз, кайгысыз. Ичкени кызыл чай, жегени май, көңүлү ар качан жай. Кирпигине кир жугузуп көргөн эмес. Азуусун айга жанып, ааламды өзү бийлеп өмүр сүрөт. Жай жайлоодо, кыштын күнү, карагайдан салдырган заңгыраган ак үйдө өмүрүн өткөрөт Макең быйыл пайгамбар жашына — алтымыш үчкө келди. Ошондой болсо да, эти чыйрак, дени таза, сөөгү мыкты, эки

бети кыпкызыл, чүйлүсү казандай. Тепсе тер үзгөндөй күч- кубат алы да бар. Ошондуктан Мамырбай баатыр өзү айткандай: — Кырчындай болгон кызга ылайык. Анын атта жүрүшү, баскан-турганына караган убакта, пайгамбар жашына келген кишиге такыр окшобойт. Макең соңку кезде: - Пайгамбар жашына келдик. Карыдык. Эми тобо-топук кылып, беш намазды үзбөй үйдө жатсам болду. Эми жаштар иштесин. Тизгинди аларга берели, аларда аттаныш көрүшсүн. Деп ынсапка да келип кала турган. Бирок алган атак, өткөн кадыр, «өлбөс оокат» түгөнгүр, көнүккөн ата-каада калгысы жок. — Макем келсин, Макем келмейинче иш болбойт,— дешет да турушат, үзөнгүлөш, кадырлаш жакшылар. Ушенетип баатырдын жаны дале жай таппайт. Макең дале топтон, доо-доомайдан, чыр-чатактан кала элек. Дале андан- мындан олжо алып, жараштырып, бүтөш-түрүп «чырпып» калганды таштай элек. Баатыр, ушунчалык даңкы жер жарып, журттун ак-сакалы, «көсөмү» болуп «өлбөс оокаты» жеткендей болсо да, турмушунда — бир жашырын кемчилиги бар, өзүнүн ыраазы болбогон жери бар. «Турмушуңда толбогон, капшыты чыкпаган бир жер бар»— деп сай-сөөктү какшатып, жүрөктү дөмпөйтөт да Турат, көңүл чиркин. Чыны ушул. Бир кемчилик, бир капшыттъш бөксө жери бар. Бул жашырын сыр Макеңдин жүрөгүн көп өйкөйт, көп сар-санаа кылат. Ушул кемчилик, ушул наара-зылык, жатаан- турганда да, беш намазды окуганда да эстен чыкпайт. Көбүнчө соңку убактарда көз алдынан элестеп эле кетпей туруп алды. Бул кемчиликти, бул нааразылыкты өзү, улуу катынынан башка эч кимге чечилип, айрым-ачык айта элек. Байбиченин теекери сүйрөп, ооздуксуз ала качкндыгынан, ыраазы эместигинен жана өзүнүн болбогон себептер менеи ал сырын

тышка чыгара албай келди. Бирок ушул кемчиликти толтуруу, ушул нааразылыктан кут-улуу далайдан бери Макеңдин ичинде кайнайт. Далай жылдаи бери Макеңди ойго салып, уйкусунан калтырып, кыйнайт. Бул ой, бул жашырын сыр, Макең улгайган сайыя күч алды. Күндөн күнгө ичин өйкөп, аны капа кыла турган болду. Макең намаз окуурда «ошол эске келбесе экенэ деп жаман шаша турган. Эчен аяттарды, аяты күрсүлөрду окуса да, пайда кылбайт. Кулак кагып, сүрө окул, саж-дага жыгылганда «кылт» этет да эсине түшөт. — Мына, шайтан, мына азгыруу... астафурулда. .. тобо!.. намазды бузат. Кудайга күнөөкөр, пайгамбарга шерменде кылат. «Ал» эсине түшкөндө бир берекет намазды жаңылып, беш-алты кайтара кулак кагып, жаңыртып окуйт —«Э, кудая, кудайы керим, бендеңди азгыра койбо!». Болбойт. Бир эстеп алгандан кийин кайта жакында эсинен кетпейт. Макеңди кыйнаган, эсинен кетпеген кудайга күнөөкөр байгамбарга шерменде кылган сыр эмне? Макеңдин эмнеси жетишпейт, капшыты кандайча чыкпайт?... Албы, ал—тал чыбыктай буралган, бети айдай, эти жибектей жумшак бир кыз алып, шейшеп жаңыртуу. Ырас, көңүлгө толгон кызды алып, шейшеп жаңыртуу сооп иш. Катынды төрткө толтуруп, шариятка туураласаң, пайгамбардын сүннөтүн өтөгөн болосуң. Мына, Макемдин турмуштагы кемчилиги, капшыты бөксө акери ушул болучу. Бул муратына жетсе, шейшеби жаңырса Макеңдин дагы бир жакшы ниети бар: мекеге барып, пайгамбар сабаларды зиярат кылып, ажы наамын алып кайтуу. Макең кудайдын кошконун, пайгамбардын айтканын баарын кылат: Малынан зекет, аштыгынан үшүр берет, жардыларга кайрылышат. Беш убак намазын үзбөйт. Дааратын сындырбайт. Битир, садака дегендерди берүүгө Макемден марты жок. Чала соколосо да окуганы куран. Ошондуктан Анжияндан айланып келген кожо, молдолор

Макеңдин үйүнө түнөбөстөн өтпөйт. Далай эшендерге кол берген, мурут болгон. Мына, эми башына—баш, жанына—жан кошулганы турат. «Төрт» кылып, пайгамбардын сүннөтүн өтөсө, анан ажыга барса, Макеңден чыныгы мусулман болобу? Ушу тилегине жетсе Мамырбайдын: - Телегейи тегиз, төрт түлүгү түгөл болот да калат. Ушул ойлогон оюн чечип, тилеген тилегине жетип, күамкон, күткөн максатты ишке ашырууга ашыкты. Үч түн, күн байбичеси менен кеңешип, көңүлүндөгү “ак ниетин айтгы” Алардын ыраазылыгын алууга, тилегине тилектеш экендиктерин угууга жан аябады. Аракет кылды. Ускалуу улуу байбиче бир топко дейре көнбөй тыйтактады. Макем ал- жанын койбой, бөйпөңдөп, алды-артына түшүп, тынчын кетирди. Байбиченин табар амалы, кылар аргасы калбады. Аркы-берки сөзгө көнбөй, өзүнүн дегенин деп, жанын койбогондон кийин: — Мейлиңчи, теги, алсаң ала бер... бирок тигилериң көнүшпөйт ко. Жаш эмелер канетип ыраазы болушсун. Карган күнүңдө тизеңди жылыткандай эмең болбогондон кийин, абсаңдабай эле койсоң болор эле деп усжалуу байбиче Макеңе жол берди. Чын эле, байбиче айткандай жаштар балаа кылды. Макең алар менен кыйчылдашып, эпке келтире албай эси ооду. Алдап-соолап, жакшы айтып, жаман айтып да көрдү. Бирок эрке токолдор оңойлук менен макулдук беришкен жок. Ыраазы болгон байбичени да күбүрөп-шыбырап бир топ каргап-шилеп алышты. Кетенчиктеген бойдон кежигелери кер тартып, моюн бербеген токолдорду шылтоо таап, Макең дүмпүлдөтүп да алды. Эчтеме кылып эпке келтире албай Макеңдин эби кетти. — Керек-мереги жок. Бизден эмне көңүлүң калды»?.. Биз змнеден жаздык, жаңылдык? Үстүбүзгө токол алгандай...— Дешип ажылдашып Макеңди жакын келтиришпеди. Анын шайманы кетти. Жакшы да, жаман да айтып көндүрө албагандан кийин




Поделитесь с Вашими друзьями:
1   2   3   4   5   6

Похожие:

План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconРеферат По теме: «Бизнес-план» студент 3 курса группы топ-16 Васильев Сандаар Николаевич
Бизнес-план — это подробный, четко структурированный и тщательно подготовленный документ, описывающий цели фирмы, средства их достижения...
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconБизнес-План. Организация минипекарни в Тарбагатайском районе в с. Жет І арал г. Усть-Каменогорск 2018 г
Бизнес-план составлен с целью финансово-экономического обоснования проекта «Организация минипекарни в Тарбагатайском районе в с....
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconПлан воспитательно образовательной работы на неделю с 21. 01 По 25. 01. 2019 года. Группа №1. Тема недели: «Посуда». Цель: Знакомить детей со свойствами и качествами металла. Учить находить металлические предметы в ближайшем окружении
План воспитательно образовательной работы на неделю с 21. 01 По 25. 01. 2019 года
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconБизнес-План. Организация участка по шиномонтажу для грузовых и легковых машин
Бизнес-план составлен с целью финансово-экономического обоснования Проекта «Организация участка по шиномонтажу для грузовых и легковых...
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconБизнес-план «птицеферма»

План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconПлан диссертации
Разработка новых вариантов реконструктивных операции
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconПлан: приветствие Актуальность Проблема + а моя позиция Доказательство Вывод

План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconКалендарно-тематический план преподавателя Халгуевой Лимы Давыдовны По мдк
Специальность
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconМетодический план
Начальник псч фгку «отряд фпс по» внутренней службы
План: 2 Кириш сөз: Өмүр баяны, чыгармалары, хронологиялык план iconБизнес план работы предприятия по техническому обслуживанию и ремонту машин
Специальность


База данных защищена авторским правом ©refnew.ru 2019
обратиться к администрации

    Главная страница
Контрольная работа
Курсовая работа
Теоретические основы
Методические указания
Методические рекомендации
Лабораторная работа
Рабочая программа
Общая характеристика
Теоретические аспекты
Учебное пособие
Практическая работа
История развития
Пояснительная записка
Дипломная работа
Самостоятельная работа
Общие положения
Экономическая теория
Методическая разработка
Физическая культура
Методическое пособие
Исследовательская работа
Направление подготовки
Общая часть
Теоретическая часть
Общие сведения
Техническое задание
Общие вопросы
Образовательная программа
Управления государственных
Федеральное государственное
Экономическая безопасность
Конституционное право
реакция казахского
Основная часть
Организация работы
Техническое обслуживание
Российская академия
Понятие сущность
Усиление колониальной
прохождении производственной
Обеспечение безопасности
программное обеспечение
Выпускная квалификационная
квалификационная работа
муниципальное управление
Теория государства
Уголовное право
Математическое моделирование
Административное право
Название дисциплины
Земельное право